Орус президенти пивону рекламалоого тыюу салган мыйзамга кол койду

Владимир Путин кол койгон мыйзамга ылайык, эртең мененки саат 7ден тартып, кечки 22ге чейин радио-теледе пивону рекламалоого тыюу салынат. Ошондой эле мындай мазмундагы рекламалар жайгаштырылуучу жерлер чектелет.

Пивону теле-радио аркылуу рекламалагысы келгендер өз рекламаларынын 10%ын пиводон адамдын саламаттыгына тийүүчү ыктымал кесепеттер жөнүндө да сөз кылышы абзел. Ага катар рекламаларда адамдын же жаныбардын пиво ичип жатканы көргөзүлбөшү керек.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.