Иракта барымтага алынган журналист өлтүрүлдү

Ирактагы экстремисттер барымтага алынган италиялык журналистти өлтүрүштү. Бул тууралуу “ал-Жазира” телеканалы кабарлады. Шейшемби күнү өзүн “Ирактын ислам армиясы” деп атаган топ Италия жетекчилиги Ирактагы аскерлерин 48 сааттын ичинде чыгарып кетпесе, италиялык журналист өлтүрүлөөрүн айткан. Жыйынтыгында талап аткарылган жок – италиялык журналисттин башы алынды. Бул окуяны Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони “варвардык акт” деп тааный тургандыгын билдирди. “Бирок Италиянын куралдуу күчтөрү баары бир Ирактан кетишпейт” – деди Берлускони.