Түркмөн президенти парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жарыялады

Сапармурад Ниязов кечээ шайлоону 19-декабрда өткөрүүнү караган жардыкка кол койду. Бул мөөнөттү Ниязов төрагалык кылган Элдик Кеңеш бекиткен болчу.

Түркмөнстандын парламентиндеги 50 депутаттын басымдуу көчүлүгү Ниязовдун Демократиялык партиясына мүчө. Ниязов Түркмөнстанды 1985-жылдан бери башкарып келатат.