Ирандан делегация келет

БИШКЕК. 6-сентябрда Кыргызстанга Иран Ислам Республикасынын турак жай жана шаар курулушу боюнча министри Абдул Ализаде башында турган делегация келет.

Делегация Кыргызстанда эки күн болуп, бул аралыкта премьер-министр Николай Танаев, биринчи вице-премьер Кубанычбек Жумалиев, каржы министри Болот Абилдаев, Архитектуралык курулуш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Анвар Турсунов менен жолугушат. Тараптар социалдык-турмуш-тиричилик обьектилерин курууда өз ара көмөктөшүү маселелерин талкуулашат. Мындан тышкары ирандык делегация «Кашкасуу» туристтик борборунда, Чолпонатадагы таланттуу балдар мектебинде, балдардын «Алтын балалык» реабилитациялык борборунда, «Рух ордо» комплексинде болушат.