АКШнын түштүк-чыгышындагы Флорида штатын катуу шамал каптады

Анын айынан 2,5 миллиондой киши үйлөрүнөн кетүүгө аргасыз болушту. Флориданын түштүк бөлүгүндө электр зымдарын бүлгүнгө учуратып, бак-дарактарды кулатып, ар кандай буюм, сынык-калдыктарды учурган шамалдан улам жолдо жүрүү да мүмкүн болбой калды. Бул аймакта өткөн түнү 200 миңдей адам электрсиз калышты. Өткөн айда ушундай катуу шамал Флоридада 20дан ашуун кишинин өмүрүн алган.