Кыргызстан Шахимарданды Өзбекстандан кайтарып алууга ниеттенүүдө

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев бүгүн парламенттин сессиясында билдирди. Премьер-министр бул анклав Кыргызстандын жери жана биз өз укугубузду талашабыз деди.

Өзбекстандын тышкы иштер министринин маалымат катчысы Илхом Закиров Танаевдин билдирүүсүн адеп-ахлакка жатпаган сөз деп баалап, маселе сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек деди.