“Ивандын” тополоңу

Тобаго, Гренада жана Венесуэла мамлекеттерин каптаган жамгыр аралаш шамал бери дегенде 11 кишини набыт кылды. “Иван” деп аталган бул “харрикан” Кариб деңизинин алкагында акыркы 10 жылда болгон эң күчтүү капсалаң. Табигый алааматтан Гренадада турак үйлөрдүн 90 процентти жабыр тартты.

Капсалаң Барбадос, Сайнт Винсент жана Тринидад мамлекеттерин да коогага салып, эми Ямайка менен Кубаны көздөй жылууда.