Ирактагы террорчулар Италияга ультиматум коюуда

Ирактын утурумдук президенти Гази ал-Явер бүгүн Рим шаарына келип, премьер-министр Силвио Берлускони менен жолукту.

Ирактагы террорчулардын атынан болсо бүгүн интернет аркылуу Италия өкмөтүнө багытталган кабар таратылды. Иракта камакка алынган мусулман аялдарын баарын бошотууга 24 сааттын ичинде убада берилсе, террорчулар 7-сентябрда Иракта барымтага алынган эки италиялык аял кайда экени тууралуу маалымат берет.

Кечээ күнү болсо "ал-Жазира" сыналгысы аркылуу көрсөтүлгөн Усама бин Ладендин орун басары Айман ал-Завахринин жарыясында америкалык аскерлер Ооганстанда да, Иракта дагы утулат деп айтылды.