700 айыпкер, анын ичинде талибдердин колдоочулары бошотулду

Кечээ Ооган түрмөлөрүнөн боштондук алгандардын арасында 2001-жылдын этегинде талиб бийлигинин тарабында согушкан Пакистандын 300 атуулу да бар. Мындай чечим Ооган президенти Хамид Карзай менен Пакистан өкүлдөрүнүн өткөн айдагы жолугушуусунда кабыл алынган эле. Талиб режими кулагандан бери ооган бийликтери жергиликтүү түрмөлөрдөн 2 миң чакты пакистандыктарды бошотту.