Атуулдук коомдун өкүлдөрү мамлекет башчысына кайрылуу жолдошту

БИШКЕК. Добуш берүүнүн алдында ар бир шайлоочунун баш бармагына атайын аппараттан гана көрүнө турган суюктук чачуу ыкмасын Кыргызстандын Шайлоо кодексине киргизүү келечекте парламенттик, президенттик шайлоолорду адилеттүү өткөрүүгө болгон жакшы кадам. Анткени мына ушундай жол менен гана шайлоо учурунда атуулдардын кандайдыр бир талапкердин кызыкчылыгына кайталап добуш берүүсүнө бөгөт коюга болот. Мындай мазмундагы кайрылуунун бүгүн «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы президент Аскар Акаевге жолдоп, мамлекет башчысынан Шайлоо кодексине мындай өзгөртүүгө кол коюну суранышкан.

Белгилей кетүүчү нерсе, шайлоо кодексине мындай өзгөртүү киргизүүгө бир катар өкмөтчүл маанайдагы депутаттар жана айрым бейөкмөт уюмдары каршы болушууда.