АКШнын түштүк жээгине "Иван" аттуу куюн-шамал жакындап келатат

АКШнын түштүк жээгиндеги Жаңы Орлеан шаарынын жүздөгөн миң тургуну азыр түндүккө жер которууда жана жолдун баары машинелерге толгон, анткени шаарга деңизден жаңы шамал-куюн жакындан келатат. "Иван" деген атка конгон бул куюн Атлантикада жаралган жана ал Гренада, Ямайка, Кайман аралдарына тийгенден 68 адам өлдү.

Дүйнөдөгү таңкы жаңылыктарды Прагадан Нарын Айып даярдады.