Таласта депутаттыка талапкерлерди көрсөтүү аяктады

ТАЛАС. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жантөш Жусупбековдон 17-сентябрь күнү алынган маалыматка караганда жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү Шайлоо кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүлдү. 512 депутаттык мандатка ээ болуш үчүн 877 талапкер каттоодон өттү.

Саясий партиялардын ичинен активдүүлүктү "Алга, Кыргызстандын" мүчөлөрү көрсөтүштү. Алар 226 өкүлүн сунуш кылышкан. "Адилет" партиясы 193 талапкерин, "Жаңы күч" партиясы 7, "Менин өлкөм" партиясы 2, "Коммунисттер" партиясы 2 талапкерин гана көрсөтө алышты. Шайлоочулардын чогулуштарынан 407 талапкер көрсөтүлсө, 40 талапкер өзүн өзү сунуш кылган. 877 талапкердин ичинен 118 аялдар болушту.