18-сентябрга аба ырайы тууралуу маалымат

БИШКЕК. Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, 19-сентябрда Кыргызстанда күн ачык болот. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен мелүүн жел жүрүп турат.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31 градус ысык.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +10…+15, чыгышта +4…+9 градус, ал эми күндүз +18…+23.
Тоолуу НАРЫНда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27 градус жылуу.
БИШКЕК шаарында жаан-чачын жаабайт, түнкүсүн абанын температурасы +13…+15, күндүз +27…+29 градус.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Азиза Турдуева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.