Германияда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү

Германиянын чыгыш бөлүгүндөгү эки жерде жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо оңчул жана коммунисттик партиялар ийгиликке жетишкендиги тууралуу кабар айтылды. Саксонияда иммиграцияга каршы чыгып келген улуттук-демократиялык партия 1968-жылдан бери алгачкы ирет парламенттен орун табат. Ал эми Демократиялык социализм партиясы алгачкы жыйынтыктар боюнча 32% добуш алганга жетишти.

Ошол эле учурда өлкөдө социалдык реформаны өткөрүүнү кабыргасынан койгон негизги саясий күч – социал–демократиялык партиясы – шайлоочулардын арасында кадыр-баркын жоготуп баратат.