Жаңы Бажы кодексинин бет ачары өткөрүлдү

БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргыз Республикасынын жаңы Бажы кодексинин бет ачары болуп өттү. Анда жаңы кодекстин “Аткезчилик жана башка кылмыштуулук багытында бажы иштери”, “Оперативдик-иликтөө жүргүзүү”, “Бажы эрежелерин бузгандардын жоопкерчилиги”,”Административдик жоопкерчилик” сыяктуу бөлүмдөрүнүн өзгөчөлүктөрү белгиленди. Бул Бажы кодексте Бүткүл дүйнөлүк соода уюумунун талаптары да эске алынган.

Кыргызстанда бажы кодекси 1992-жылы июль айында Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде ишке киргизилген. Экинчи жолу 1997-жылы толуктоолор жана өзгөртүүлөр киригизилип, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал эми үстүбүздөгү жылы кабыл алынган жаңы Бажы кодекси 2005-жылдын январь айынан баштап ишке киргизилет.

Жаңы бажы кодексинин алкагында бажы тармагынын инфрастуруктурасын өнүктүрүүгө жана автоматташтырууга Азия өнүктүрүү банкы жардам көрсөтөөрүн, киреше боюнча комитеттин төрагасы Замирбек Малабеков билдирди.