Бакир уулу “КООРТ” менен ”КТРди” сотко берүүгө ниеттенип жатат

БИШКЕК. 23-сентябрда Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынында талкууланган Акыйкатчынын отчётуна байланыштуу “КООРТ” жана Улуттук телерадио корпорациясы туура эмес маалымат бергендиги үчүн, аталган телекомпанияларды жана маалыматты даярдаган журналисттерди сотко берерин акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, “КООРТ” жана “КТРдын” жаңылыктар берүүсүндө “Турсунбек Бакир уулу Жогорку Кеңеш берген үйдү менчиктештирген, Бишкекте 3 үйү бар, чет элдик гранттарды ыгы жок чыгымдаган, эки жыл аралыгында 286 арызды четке каккан”, деген депутаттардын жалган пикирлерин жарыялап, Акыйкатчы институтунда иштеген кызматкерлердин абройуна шек келтирген.

Ал ошондой эле Акыйкатчыга эки жыл аралыгында арыз менен кайрылган 14.214 адамдын 6 миңден ашуунунун арыз-доосун оң чечип бергенин жана 286 арыз жүйөөлү себептер менен каралбаганын билдирди.

“Эгерде жогорудагы телекомпаниялар тараткан маалыматтар чын болуп, далилдеп беришсе, анда мен өз каалоом менен кызматтан кетем”,-деди Турсунбай Бакир уулу.

Ал эми Акыйкатчынын “23-сентябрдагы парламенттеги отчетуна депутаттар Акбөкөн Таштанбеков, Исмаил Исаков, Темир Сариевдин кайчы пикирлери берилгендигин жана маалымат эч кандай Турсунбай Бакир уулун каралоо максатын көздөбөй тургандыгын” Улуттук телерадио корпорациясынын “Алатоо” жаңылыктар бөлүмүнөн билдиришти. Ушул эле маанайдагы пикирин “КООРТ” телекомпаниясынын кабарчысы Чолпон Бекболотова да айтты.