ТАЖ МАХАЛДЫН МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, дүйшөмбүдө Индия калкы орто кылымдардан калган ажайып маданий мурастын – айтылуу Таж Махал күмбөзүнүн 350 жылдыгын белгиледи. “Таштагы симфония” деп аталган бул эстелик тууралуу азыноолак сөз кыла кетели.
Таж Махал күмбөзү – индиялык мөмөрчүлүктүн (архитектуранын) ажайып эстелиги катары маалым.

Аны Индиянын оодук бөлүгүн бийлеген Могол сулалесинин негиздөөчүсү, теги борбордук азиялык султан Захиреддин Бабурдун урпагы султан Шах Жахан 1632-жылдан 1654-жылга чейинки аралыкта курдурган. Анын мөмөрчүлөрүнүн арасында Устад Иса ысымдуу уста да эскерилет.

Оболу Шах Жахандын сүйүктүү жары Мумтаз Махалга арналып курулган бул күмбөзгө кийинчерээк Шах Жахандын өзүнүн да сөөгү коюлган.

Жамна дарыясынын боюнда ак мармардан курулган бул бийиктиги 74 метр болгон, төрт тарабында мунара (минарет) бар жана алды жагында ажайып фонтаны бар кооз айдың чалкайып жаткан бул имарат азыр дүйнөлүк мөмөрчүлүктүн бермети катары көз карегиндей сакталат.

Аны индиялык жана борбор азиялык мусулмандар менен башка диндерди туткан жергиликтүү калктардын маданий алакаларынын ширендиси катары баалоого болот.

Индия жергесинде болгон чагында бул эстеликти өз көзү менен көргөн кесиптешибиз, жазуучу жана драматург Султан Аким Раев Таж Махал тууралуу мындай деп айтат:

- Таж-Махал бул дүйнөлүк шедеврдин тизмесине кирген улуу тарыхый эстелик. Бул чыныгы сүйүүнүн, өнөрдүн сүйүүсүнөн жаралган көөнө маданияттын бийик үлгүсү катары эчен кылымдан бери сакталып келет. Бул ажайып коздукту тарых барагында калтырууга ай сайын 40 миң киши иштеп, дүйнөнүн эң мыкты усталары узанып, өзүнүн бийик чеберчилигин көрсөткөн. Күмбөздүн ар бир ташы, дүйнөнүн ар кыл булуң-бурчунан алынып келинген. Кооздуктун, бийик өнөрдүн символу катары Таж Махал менин эсимде калды.

Албетте, бул эстеликти коргоо жаатында индиялыктардын түйшүгү да аз эмес. Агра университетинин профессору Кришна Шакхар Рана (Krishna Shakhar Rana) мырза Таж Махалдын айланасындагы учурдагы экологиялык кырдаалга мындайча баасын берет:

- Таж Махал улам саргарып баратат. Анын үч башкы себеби бар. Биринчиден, автоунаалардын абаны булгашы. Экинчиден, маркум сөөктөрүнүн күлүн жашырчу жайдын бул эстеликке жакын жайгашкандыгы. Үчүнчүдөн, Агра шаарында жагылган отундун таасири. Ал эми төртүнчү жагдайды айтсак, бул – Агра шаарында абаны булгаган өнөр жай ишканалары жана бул шаардын абасы өтө булганыч аймагы.

Ал эми Индиянын археологиялык иликтөө тармагын жетектеген Д. Дайанлан болсо эстеликти сактоо үчүн ар тараптуу иш-аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Чынында да, ЮНЕСКО тарабынан дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизилген Таж Махал күмбөзүн индиялык бийликтер өзгөчө кастарлап сактап келет. Ал түгүл эстеликтин аймагында уюштурула турган ар кандай маданий иш-чаралар Индиянын Жогорку Соту тарабынан уруксат берилгенден кийин гана өткөрүлүүгө тийиш.

Эстеликтин 350 жылдык мааракесин өткөрүү да быйыл чоң маселени туудурду. Имаратка залал келтирбөө үчүн, бийликтер мааракени күмбөздүн дал өзүнүн аймагында эмес, андан эки чакырымдай алыстыктагы Кызыл чеп аттуу жайда өткөртүштү. Бул Кызыл чеп да султан Шах Жахандын тушунда курулган.

Таж Махалдын мааракесине арналып атайын почта маркасы да чыгарылууда. Ал эми Таж Махалдын көркүн аздектеп чагылдырган китептерди санаганга сан жетпесе керек!

Айтор, айрым борбордук азиялыктардай курулай аш-той кылбай, индиялыктар бул эстеликти ызааттаарын иш жүзүндө көрсөткөнсүдү.