Бишкекте жарманке-көргөзмө өткөрүлөт

БИШКЕК. 7-11-октябрда “Бишкек-2004” эларалык жарманке-көргөзмө уюштурулат. Ага 14 мамлекеттин 46 компаниясы катышат. Пакистандан эле 12 компания кездеме, тери продукциялары, хирургиялык аспаптар жана дары-дармектерди көргөзмдө коюшат. Бул тууралуу Соода-өндүрүш палатасынын жетекчиси Борис Перфильев бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жарманке-көргөзмөгө Россиянын ишканалары электротехникаларын, өрт өчүрүүчү жабдууларын коюшат. Ошондой эле, Казакстан курулуш материалдарын, Белорусия үй эмеректерин алып келиши күтүлүүдө. Ал эми Кыргызстандан 100гө жакын компания жана ишканалар катышат.