Багдаттын түштүгүндө козголоңчулар бомбага толо 3 машинени жардырышты. Андан 40ка жакын адам өлдү, 120дан ашууну жарадар болду. Бомба чабуулунан жапа тарткандардын арасында жаш балдар да болушкандыгы кабарланууда.
Ал эми ага чейин Багдаттагы Абу-Грейбге жакын жерде дагы бир машине жарылган. Андан Ирактын 2 полицейи жана бир америкалык аскер көз жумган. Окуя тууралуу полициянын кызматкери буларды билдирди:
- Полициянын бөлүмүн катуу жардыруу титиретип жиберди. Маалыматтарга ылайык, бул машиненин жарылуусунан болду. Андан бир нече кызматкерлер жапа тартышты.
Анын аралыгында Ирактын түндүгүндөгү Таль-Афар шаарындагы ушундай эле жардыруудан ирактык 4 тургун өлүп, дагы 16 адам жарадар болду.