Сот райондук шайлоо комиссиясынын токтомун жокко чыгарды

НАРЫН. Атбашы райондук соту райондук шайлоо комиссиясынын токтомун жокко чыгарды. Мындай маалыматты Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлү Зуура Үмөталиева кабарлады. Анын айтымында, Атбашы районундагы Ачакайынды айылынын тургуну, жергиликтүү кеңешинин депутаттыгына талапкер Таалайбек Мамытканов Акыйкатчынын өкүлүнө 3-октябрда арыз менен кайрылган. Ал өз арызында талапкерликке «Алга, Кыргызстан!» партиясынан көрсөтүлгөндүгүн, миң сом күрөөнү коюп, тийешелүү документтерин топтоп, 15-сентябрда Атбашы райондук шайлоо комиссиясына тапшыргандыгын, комиссия төрагасы Эшимбек Осмонов "сен жашаган аймак №3 округга кирет" деп түшүндүрмө бергендигин көрсөтөт.

Бирок андан кийин Таалайбек Мамыткановдун үйү №2 округга кирери айкындалат жана талапкер документтерине жаңы оңдоо киргизет. Ал эми райондук шайлоо комиссиясы 23-сентябрда Таалайбек Мамыткановдун талапкерлигин документтери оңдолду деген негизде бюллетенге киргизбөө тууралуу токтом чыгарат жана 28-сентябрда ал тууралуу талапкерге маалыматдалат. Арыздын негизинде иш Атбашы райондук сотко берилип, 5-октябрь күнү сот райондук шайлоо комиссиясынын токтомун жокко чыгарды.