Израилдин ракетасы Исламдык Жихаддын жол башчысынын үйүнө келип тийди

Газа тилкесиндеги чабуулда кеминде эки кишинин жараат алганын палестин дарыгерлери маалымдашты. Үй ээси Мохамад Эл-Шейх Халилдин жапа чеккени белгисиз.

Бүгүн эртең менен Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон Израиль армиясынын Газа Тилкесиндеги чабуулдарын чектөө сунушун четке какты. Израилдин парламентинде бүгүн Шаронду ишенимден ажыратуу боюнча талкуу жүрүп жатат.