Тажикстандын Коргоо министрлиги өзүнүн бардык ишин жакында тажик тилине өткөрөт, буга чейин документтер жана буйруктар орус тилинде жасалчу. Коргоо министри Шерали Хайруллоев ал тууралуу буйрукка бүгүн кол койду жана 2005-жылдын 1-январынан тартып министрликтеги бардык иштер тажик тилинде жүргүзүлүүгө тийиш.