Улуттук банктын эсебине Кумтөрдүн 106 миллион Канада доллары түштү

БИШКЕК. Кумтөр кенин иштеткен «Центерра голд» компаниясынын 7.5 миллион жөнөкөй акциясын сатуудан Улуттук банктын эсебине 106 миллион Канада доллары түштү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов 13-октябрда билдирди.

Кыргызстан Кумтөрдөгү 70% акциясын кошуп, «Камеко» менен биригип өткөн жылдын соңунда «Центерра голд» компаниясын түзгөн. Бул компаниянын 30% акциясы кыргыз өкмөтүнө тийген. Өкмөт бул операцияны пайдалуу деп эсептесе, оппозициялык саясатчылар мамлекетти, элди алдоо катары баалап келишүүдө.