Пресс-катчы президент А.Акаев Москвадан үй сатып албаганын айтууда

БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Москва шаарынын борборундагы Филиппов көчөсүндө 6 млн. АКШ доллары турган турак-жай сатып алды деп Орусияда чыгуучу «Экспресс-газета» интернет-басылмасында жарыяланган маалымат негизсиз. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев «Кабар» агенттигинде пресс-конференцияда билдирди.

Анын айтымында, мындай иш-чаралар Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр тарабынан уюштурулууда, ал эми «МСН» гезити президентке байланыштуу бул маалыматты «Экспресс-газетага» 600 доллар төлөп чыгарган:

-«МСН» гезити бул материалды заказ кылып, тыяктан бастырып 600 долларга, эми бул жактан кайра аны көчүрүп басып жатат, - деди Абдил Сегизбаев.

«Экспресс-газетада» чыккан бул макала бүгүн «МСН» гезитинде жарыяланды. Аталган басылманын башкы редактору Александр Ким президенттин маалымат катчысынын гезитти минтип күнөөлөгөнү негизсиз экенин жана бул боюнча сотко кайрылаарын бүгүн «Азаттыкка» билдирди.