Италиядагы кошумча шайлоодо башкаруучу коалиция бир да мандат алган жок

Парламентте бош калган сегиз орунду тең солчулдар менен орточулдардан турган оппозиция утуп алды. Оппозиция премьер-министр Сильвио Берлускони жетектеген кабинетти жана азыркы башкаруучу коалицияны Ирактагы согушту колдогону үчүн кескин сынга алып жүрөт.