Абхазияда президент кайра шайланат

Республиканын жогорку соту жакында өткөн добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүү жөнүндө чечим чыгарды. Сот ошондой эле мунун алдында Сергей Багапштын жеңишин тастыктаган өз бүтүмүн да жараксыз деп тапты. Багапш жогорку сот инстанциясы экинчи талапкердин кысымына такаат кыла албай, кайра шайлоо өткөрүү жөнүндө чечим чыгарды деп билдирди. Сот иш жүзүндө Раул Хажимба менен анын тарапкерлеринин барымтасында калды, деп айтты Багапш. Абхаз президенти Владислав Ардзинба борбордук комиссияга президенттикке кайра шайлоо өткөрүүнү тапшырды.