Бириккен Араб Эмираттардында биринчи жолу аял министрлик кызматка келди

Президент Шейх Заед бин Султан ал Нахаян кечээ кечинде кабинеттин жаңыланган курамын жарыялады. Шейка Лубна ал-Касими деген ишкер аял экономика министри болуп калды. Президент ошондой эле өз уулу Саифти ички иштер министрлигин жетектөөгө бекитти.