Денис де Трей Кыргызстан дагы көптү жасашы керек деп эсептейт

БИШКЕК. Консультативдик кеңештин теңтөрагалары Николай Танаев менен Денис де Трей жыйындын соңунда пресс-конференция беришти. Анда Кыргызстанда жакырчылыкты кыскартуу багытында алгылыктуу иштер жасалганы, макроэкономикалык туруктуулук ага шарт түзгөнү айтылып, ал эми коррупцияга каршы күрөштө «Мамлекеттик кызмат жөнүндө», «Мамлекеттик кызматкердин декларация берүүсү жөнүндө» мыйзамдардын кабыл алынышы оң натыйжа берери белгиленди.

Николай Танаев менен Денис де Трей атайын билдирүү таратып, анда «Шайлоо кодексине» киргизилген өзгөрүүлөр жогору бааланып, донорлор келерки жылдагы шайлоонун акыйкат жана адилет өтүүсүнө салым кошоору айтылган.

Президент Аскар Акаев донорлордун жыйынында "Эмнести интернешнл" уюму Кыргызстанды өтө коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына кошконуна макул болбой, ал уюмдун өзү ачык иштебесин билдирди. «Бул сынга сиз кандай карайсыз?» деген суроого теңтөрагалардын бири Денис де Трей түз жооп бербей, "Кыргызстан коррупцияны ооздуктоодо көп иш жасаш керек", деген пикир менен чектелди. Ал ошондой эле донорлор жыйынында мурда түзүлгөн долбоорлордун аткарылышы талкууланып, Кыргызстанга жаңыдан акча бөлүү жөнүндө сөз болбогонун белгиледи.