Доллар арзандап жатат

Бүгүн Евроада эртең мененки соода-сатыкта евро долларга карата катнашында рекорддук чекке жетип, бир евро 1 доллар 29 центтен соодаланды. Акча адистеринин айтымында, базарлар сентябрь боюнча АКШнын соода статистикасын күтүп жаткан чакта доллардын курсу түшө берет. Бейшемби күнү АКШнын соода дефицити дагы тереңдегени жарыяланат деп күтүлүүдө.