Чеченстанда 18 согушкер жок кылынды

Бул тууралуу кечээ чечен бийликтери кабарлашты. Республиканын биринчи вице-премьери Рамзан Кадыровдун айтымында, Ведено районунда жок кылынгандардын арасында чечен козголоңчуларынын белгилүү командири Шамиль Басевдин Эмир Сулейман деген жардамчысы да бар. Бирок РИА-Новости жаңылыктар агенттиги чечен президенти Алу Алхановдун кеңсесине шилтеме берип, Сулейман аман–эсен кутулуп кетүүгө үлгүргөнүн билдирди. Хайрулла деген ат менен да белгилүү Эмир Сулейман былтыр 9-Майда Чеченстандын мурдагы президенти маркум Ахмад Кадыровго кол салууну уюштурган деп эсептелет. Ахмад Кадыровдун өлтүрүлүшү үчүн Шамиль Басаев жоопкер болгон.