Тажикстанда «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү деген айып менен 20 киши соттолду

ДҮЙШӨМБҮ. Тажикстандын соту «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү болгон деген айып менен 20 кишини үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратты. Сот Насим Эксоновдун айтымында, алар конституциялык түзүлүштү төңкөрүп, улуттук, рассалык жана диний жек көрүүчүлүктү жайылтышкан. Ал эми айыпталгандардын адвокаты «Азаттыкка» берген маалыматында, соттолгондордун бири күнөөнү уруп-сабоолорго чыдабай мойнуна алганын айтат:

- Соттолгондордун бири - Назимжан Эргашовдун кылмыш кылган эмес. Аны уруп-согуп жатып, «Хизб ут-Тахрирдин» мүчөсүмүн, деп айттырышкан.

Чөлкөмдө халифат түзөт делген бул партияга Борбор Азия жумурияттарында тыйуу салынган. Акыркы жылдарда Тажикстанда бул партиянын мүчөсү делген айып менен 140 киши соттолду.