Ирактын Фаллужа шаарынын жарымынан көбүн америкалык аскерлер көзөмөлгө алды

Ирактын Фаллужа шаарынын жетимишке жакын пайызы америкалык аскерлердин колуна өттү. Генерал Жон Саттлердин айтымында, жакын арада шаар толугу менен согушкерлерден бошотулат:

-Максат - Фаллужа шаарын толугу менен бошотуу жана анын эч бир жеринде согушкерлер жашына турган жер калтырбоо.

Ирак өкмөтүнүн айтымында, көпчүлүк согушкерлер тобу колго түшүп берүү тууралуу сүйлөшүү жүргүзө баштады, бирок "ал-Жазира" сыналгысы кечээ күнү көрсөткөн видеого караганда, козголоңчулар жыйырмага жакын өкмөттүк аскерди колго түшүргөн жана аларды атып өлтүрүшү мүмкүн. Премьер-министр Айяд Аллавинин үч тууганын барымтага алган топ дагы аларды өлтүрөбүз деп коркутуп, Фаллужага каршы чабуулду токтотууну талап кылууда. АКШ өкмөтүнүн айтымында болсо, Фаллужаны кайра курууга 31-январга чейин 89 миллион доллар бөлүнөт.