Украинадагы президентик шайлоого Кыргызстандан 70 байкоочу катышат

БИШКЕК. Укринадагы президенттик шайлоонун экинчи - чечүүчү айлампасы 21-ноябрда өтөт. Ага Кыргызстандагы атуулдук коомдун өкүлдөрүнөн жетимиш адам байкоочу катары катышат. Бул тууралуу бүгүн «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынан маалымдашты.

Ал эми Кырызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат катчысы Нина Мухинанын айтымына караганда, Украинадагы президенттик шайлоого Борбордук шайоо комиссиясынан эч ким байкоочу катары катышпайт.

Белгилей кетүүчү нерсе, Укринадагы президенттик шайлоонун биринчи туру 31-октябрда өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында Украинадагы оппозициячыл күчтөрдүн өкүлү Виктор Ющенко шайлочулардын 39, 87 пайыз добушун алып жеңишке жетишти. Ал эми аткаруу бийлигинин өкүлү, Украинанын өкмөт башчысы Виктор Янукович шайлоочулардын 39,31 пайыз добушун топтоп экинчи орунда калды.