АКШнын Мамкатчысы Колин Пауэл отставкага кетти

Пауэл кабарчыларга бул кызматта төрт жылдан ашык иштебейм деп мурдатан эле айтып келгенин эскертти:

- Мен башынан эле бир гана мөөнөт иштейм деп ойлочумун. Президент Буш менен жай отуруп, кең-кесири сүйлөшкөндөн кийин, менин ушул тапта иштен кеткеним туура деген бүтүмгө келдик.

Ак Үйдүн маалымат катчысы ордуна киши табылганга чейин Пауэл кызматында болуп тураарын кабарлады.
Пауэл 67 жашта, ата-энеси Ямайкадан, төрт жылдыздуу генерал. 1989-93-жылдары АКШ армиясынын башкы штабынын жетекчиси болгон.
Ак Үй кечээ Вашингтон администрациясынын дагы үч мүчөсү – Айыл-чарба, Энергетика жана Билим берүү катчылары иштен кетип жаткандыгын жарыялады, буга чейин баш прокурор жана коммерция катчысы отставкага кетишкен.