Келерки жылы февралда өтө турган парламенттик шайлоого карата семинар-кенешме Талас шаарында өттү

ТАЛАС. Семинар кеңешмеде облшайлоокомдун төрагасы Жантөш Жусупбеков 10-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыктарын баяндады. Төраганын айтымында шайлоочулардын тизмесин түзүү өтө бурмалоо жолу менен жүргүзүлгөн. Натыйжада кошумча тизме менен 2028 шайлоочу добуш берген. Өкмөттүк эмес уюмдар даярдаган көз карандысыз, ошондой эле талапкерлердин байкоочулары шайлоонун адилет өтүшүнө зор салым кошкондугу белгиленди. 111 участокто 1814 байкоочу көзөмөл жүргүзгөн. Шайлоого даярдык, анын жүрүшү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында өтө аз чагылдырылган. Кеңешмеде чыгып сүйлөгөн Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Жеңишбек Акматов, президенттик администрациянын өкүлү Бек Топоев, жана башка адамдар алдыда болуучу шайлоолордо шайлоочулардын тизмелерин тыкыр түзүп чыгуу, студенттерге паспорт берүү, учетко отургузуу, баш тармака белги коюуну жакшы өздөштүрүү, комиссия мүчөлөрүн түзүүдө шайлоо кодексинин талабын так сактоо зарылчылыктары жөнүндө айтышты. Кошумча маалымат үчүн айта кетели, Талас облусунун шайлоочулары алдыдагы шайлоодо Жогорку Кеңешке 3 депутат, облКеңешке 39 жана райКеңештерге 104 депутат шайлашат.