Каракол шаарындагы бир катар мектептерге жардыруучу заттар коюлду, деп телефон аркылуу жалган маалымат берген окуучу аныкталды

КАРАКОЛ. Облустук ички иштер башкармалыгынын жергиликтүү басылмалар аркылуу тараткан маалыматына караганда, Каракол шаарындагы № 2, 3, 11 мектептерде жана Кусейин Карасаев атындагы кыргыз-түрк лицейине жардыргыч зат коюлган деп телефон аркылуу жалган билдирүү берип, мугалимдерди, окуучуларды, ата-энелерди дүрбөлөңгө салган окуучу аныкталды. Ал аталган шаардагы №11 мектеп гимназиясынын7-классынын окуучусу Чыңгыз аттуу жигит болуп чыкты. Чыңгыз күнөөсүн толугу менен мойнуна алды, ушул тапта тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 228-беренесине ылайык террордук акт жөнүндө жалган билдирүү тараткан адам кылмыш жоопкерчилигине тартыларын түшүнбөгөн бул окуучунун мындай жоругу башкаларга сабак болууга тийиш, дейт облустук ички иштер башкармасынын кызматкери, милициянын подполковниги Искаков.