«ВИЧ –инфекциясын алдын алуу» боюнча мыйзам долбоору парламентте каралат

БИШКЕК. «Вич-инфекциянын жайылышын алдын алуу» боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдик республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы каржылык кызматташтык жөнүндөгү Макулдашууну ратификациялоо » тууралуу Кыргызстандын мыйзам долбоору жакында парламентте каралышы күтүлүүдө. Эгерде Протокол ратификацияланса, Кыргызстанга Германиянын өкмөтү тарабынан 3,5 млн евро акча берилет. Аталган мыйзам долбоору парламенттин Мыйзам Чыгаруу жыйынынын кароосуна сунушталганга чейин, ага саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тактоо киргизилиши керек. Башкача айтканда, алынган каражаттын жумшалышынын планы мыйзам долбоорунда так көрсөтүлүүгө тийиш. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Ташболот Балтабаев билдирди. Бишкектеги «СПИД» бирикмесинен алынган маалымат боюнча 1-ноябрга карата Кыргызстанда вич-инфекциясына чалдыккан 630 адам катталган.