Ирактын тышкы карызынын көпчүлүгү жоюлат

Германиянын каржы министри Ханс Эйшел Париж клубу Ирактын тышкы карызынын 80%ын кечүү жөнүндө негизинен макулдашып койгонун маалымдады. Бул тууралуу Эйшел Берлинде өтүп жаткан 20 өлкөнүн саммити маалында кабарчыларга билдирди. Анын айтымында, Ирактын карызынын 30%ы дароо жоюлат, дагы 30%ы Эл аралык валюта корунун программасына ылайык кечирилет, калган 20%ы ушул кор түзгөн план Багдадда ийгиликтүү ишке ашырылса жок кылынмакчы. Париж клубу бул тууралуу расмий түрдө кийинчерээк жарыялайт, аталган клубга Ирактын жалпы 120 млрд долларлык тышкы карызынын үчтөн бири таандык.