Президент сөзү чындыкка туура келбейби?

БИШКЕК. Кыргызстан оппозициясы ыплас технологияларды пайдаланууда, деп президенттин жума күндөгү билдирүүсү чындыкка туура келбейт. Биздин акыйкатты айтканыбыз президентке ыплас технология болуп көрүнүшү мүмкүн, деп билдирди ишемби күнү «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев. Ушундай эле маанайдагы пикирин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алевтина Проненко да ырастады. Алардын айтымында, ыплас технологияны өз бийлигин сактап калуу үчүн бийликке керек. Ал эми оппозицияда андай иштерди аткаруу үчүн эч кандай каражат да жок. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов ыплас технологияларды пайдалануу өкмөт тараптан гана болуп жатат деп, ага мисал катары президенттин кызы шайланууга даярданып жаткан №1 Университет шайлоо округундагы иштер жөнүндө, өкмөттүк гезиттер аркылуу таратылып жаткан маалыматтарды атады. Президент Акаев демократиялык коомду курдум деп жатат. Андай коомдо оппозиция өкүлдөрүнө негизсиз айып тагылбайт, деп белгиледи Эдил Байсалов.