"АЗАТТЫКТЫН" АЛГАЧКЫ КАРЛЫГАЧЫ АЗАМАТ АЛТАЙДЫН ЖАЛАЛАБАТТАГЫ КЛУБУ

Ырысбай Абдраимов, Жалалабат «Азаттык» үналгысынын негиздөөчүлөрүнүн бири Азамат Алтай көп жылдардан бери Кошмо Штаттардын Ньюйорк шаарында жашаганы менен жүрөгү кыргыз деп согуп турат. Ал Жалалабат Университетинин мыкты окуган жана көп бүлөдөн чыккан студенттери үчүн стипендия уюштурган. Чет өлкөгө куш тилиндей кат чыгартпаган Совет биримдиги мезгилинде Кыргызстандан алдырып топтогон адабий-маданий журнал-гезиттерин ушул Университетке тартуулаган.
Жалалабат мамлекеттик Университетинде уюшулган Азамат Алтай атындагы клуб менен илимий китепкана «Азаттык» үналгысынын алгачкы ушул негиздөөчүсү жөнүндө маалымат берет. Тапкан маянасынын көпчүлүгүн китеп сатып алууга жумшаган карыя кесиптешибиз Колумбия университетине жыйнаган түрк тилдүү 20 миң китептин 1,5 миңи кыргызча болгон. Азамат Алтай зулумчул коммунисттик доордо тамыр-тааныштарынан алдырып топтогон «Кыргызстан маданияты» жумалыгы менен «Алатоо» журналынын көктөлгөн калың китептери Жалалабаттагы окутуучу студенттер менен каалаган жарандардын энчиси болуп калды. Директор Роза Култаеванын маалыматы боюнча китепеканада Азамат Алтайдын өмүр жолу менен чыгармачылыгына арналган тегерек үстөл баарлашуулары жана окурмандардын конференциясы дайыма өткөрүлөт:

-Азамат Алтай жөнүндө бир эле биздин студенттер, окутуучулар эмес, облусубуздагы бардык окурмандар кызыгуу менен бизге келип кайрылышат. Ошондуктан фонддогу материлдар , Азамат Алтай жөнүндө клубда конференциябы, же башка кечелерди өткөрсөк Азамат Алтай, Кудайберген Кожомбердиев жөнүндө газета журналдарга, элдин арасына кеңири таратуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшап жатабыз - деген Роза Култаева тоталитардык заман кыйрагандан кийин Азамат Алтайдын Кыргызстанга сапарын баяндаган видеотасмалар да окурмандарга көрсөтүлөрүн баяндап, китепкана менен клубдун келечектеги максаттарына токтолду:

- «Суудай бийик туулуп өскөн мекеним, жүрөгүмдө дайым ыйык сеземин» деген рубриканын астында өзүнчө бурч уюштурганбыз. Азамат Алтай Кыргыз тарыхынын бир үзүмү деген атайын стенддер уюштурулган. Азамат Алтай жөнүндө бир китепти чыгарып, анан кийин ал кишинин башка болгон архивдерин университеттин китепканасына алып келсек деген ой-пикирди айтып кетишкен. Эгер ал ишке ашып калса Азамат Алтай жөнүндө өзүнчө кеңири зал уюшулуп калат.

Азамат Алтайдын бийик адамдыгын даңктап, клубдун ажарын ачкан кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун «Алыстагы Азамат Алтай абама» аттуу поэмасынан үзүндү:

- Бир тунжурай калды да,
Иничектер баарың угуп алгыла,
Ачык сырым туулуп өскөн айлыман,
Азыр десе аябаймын жанды да.

Аз жыл болду кырсык тооруп жолумду,
Алган жарым болуп калды оорулуу
Азыр менин кыйнап турат жанымды
Алсыраган ошонун ден-соолугу.

Туудай бийик туулуп өскөн мекеним,
Жүрөгүмдө дайым ыйык сеземин,
Бирок тигил ооруп жаткан зайбымды,
Ушул абалда кантип таштап кетемин.

Ошол үчүн ооруп жаткан чагында,
Алыс кетпей жүрөм анын жанында
Ал ыраазы болсун деген оюм бар,
Эч болбосо менин көзүм барында.


Мыкты окуган жана турмушу начар үй-бүлөдөн чыккан 250 студент Азамат Алтай атындагы стипендияга ээ болгон. Стипендиянын эки жолку ээси Махабат Алиева Америкадагы улутташыбызга узун өмүр каалайт:

- Абама ден-соолук каалайм, өмүрү узун, дайыма бактылуу болсун.

Стипендия адилеттүүлүк менен бөлүнүп, окууга жаңы киргендерге Азамат Алтай жөнүндө тааныштыруу кечесин өткөрөбүз дейт проректор Нурмамат Жайлообаев:

- Азамат Алтай биздин университетке 1995-жылы июнь айларында келген. Бул жерден университет менен таанышып, Жалалабаддын ыйык жерлерин, Ошто Сулайман тоону көрүп эки күн болуп кеткен. Келгенде өзүнүн стипендиясын студенттерге уюштурган.. 1995-жылдан баштап бизге жыл сайын Американын 500 долларын жөнөтүп турат. Ошол стипендияны биз берүү үчүн атайын жобо иштеп чыкканбыз.Айрыкча биринчи курстарга биз Азамат Алатадын өмүр баяны жөнүндө маалымат беребиз - деди проректор Нурмамат Жайлообаев.