Кыргызстанда уран калдыктарын коопсуздугу гранттар аркылуу ишке ашууда

БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны Кыргызстандагы уран калдыктары сакталган жайларды коопсуздандыруу жана бул максаттарга бөлүнгөн гранттарды пайдалануунун абалы тууралуу Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри Темирбек Акматалиевдин маалыматын угуп, канагаттандырарлык баа берди.
Темирбек Акматалиевдин айтымында, учурда Кыргызстанда уран калдыктарын сактоочу 35 жай бар. Алардын ичинен 26сында иш гранттардын жардамы менен аткарылууда. Алардын ичинен уран калдыгы жайгашкан Майлысуудагы 23 жайды коопсуздандырууга Дүйнөлүк Банк 11 миллион 760 миң доллар, Актүзгө Чех республикасы 260 миң доллар, Орусиянын өнөр жай технологиялар институ иштеп чыккан долбоордун чегинде Кажысайга АКШ 400 миң доллар каражат бөлдү.