Жаңылыктар Казакстанда жол кырсыгында сегиз киши каза болду 19-Декабрь, 2004 Чакан автобус жолдун каршы тарабына чыгып кеткенде жүк ташыган машина менен кагылышкан. Кордайдан Бишкекке бараткан автобустун беш жүргүнчүсү жарадар. Каза болгондордун үчөө кыргыздар экен. Калгандары Казакстандын, бирөө Ооганстандын атуулдары.