Жалабаддык байкоочулар Украинага барышат

ЖАЛАЛАБАД. Украинадагы президенттик кайра шайлоону Жалалабаддагы бей өкмөт уюмдардын алты өкүлү шайлоого байкоо жүргүзүүчү Европалык тармактын долбоорунун колдоосунан байкашат. Алар Украинага 23-декабрда Бишкектен аттануучу кыргызстандык 75 адам менен Украинанын Черкас жана Сумы облустарындагы шайлоону көзөмөлдөшөт. Мындай маалымат 22-декабрда «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын» президенти Эдил Байсаловдон алынды. Жалалабаддык байкоочулар Украинада 21-ноябрда өткөн шайлоодо Черкас облусунда болушуп, тизмеден чыгуу талону менен көптөгөн адам кайра добуш бергендигин жана бюллетендер сыя менен булганып, шайлоо үкөктөрү талкаланганын жана добуш эсептелерде жарыктар өчүрүлгөнүн катташкан.