Айдар Акаев олимпиада комитетинин президенти болду

23-декабрда өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин кезексиз конференциясы өтүп, анда мамлекет башчысы Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев олимпиада комитетинин президенти болуп шайланды. Бишкектеги «Хаяйт» мейманканасынын «Шайыр» залында өткөн бул конференцияга өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин мүчөлөрү жана спорт коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
Айдар Акаев 2 жума мурун Кыргызстандын бокс федерациясына жетекчи болуп шайланган. Аталган конференцияда уюмдун аткаруу комитетинин сунушу боюнча адегенде мүчөлүккө кабыл алынып, соңунан улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланды.
Олимпиада комитети түзүлгөн 12 жылдан бери президент болуп келген Эшим Кутманалиев өз арызы боюнча кызматтан бошотулуп, комитеттин Ардактуу президенти болуп калды.