Эр-Риядда бомба коюлган эки машина удаама-удаа жардырылды

Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда бомба коюлган эки машина удаама-удаа жардырылды. Так эмес маалыматтарга караганда анын каскагынан 7 киши каза тапканы айтылууда. Алгач бир автомашина ички иштер министрлигинин короосуна өз алдынча сүзө-качырып кирип барат жана ага полицейлер ок ачканда автомашина жардырылган. Кийинчерээк дагы бир автомашина полициянын атайын кызматынын имаратына кирип барып жардырылган. Окуянын андан аркы чоо-жайы такталып жатат. Жардыруулар Сауд Аравиянын тартип кызматкерлери Эр-Риядда террорго шектелген адамды жок кылгандан кийин уюштурулуп отурат. Жардыруулар тууралуу кабарлардан кийин Нью-Йоркто нефтинин баасы бир доллар 87 центке кымбаттап, анын бир баррели 43 доллар 64 центке чыкты.