Польша жупташып калган эгиз кыздарга ийгиликтүү операция жүргүзүлгөнү үчүн Саудияга ыраазычылык билдирди

Польшанын президенти Александр Квасьневски ыраазычылык катын Саудиядагы тактынын мураскору, ханзаада Абадалла бин Абдул Азизге жолдогон. Ичи,омурткасы, жамбаш сөөгүнөн биригип төрөлгөн он беш айлык эгиз кызды ажыратуу операциясын Саудиянын дарыгерлери Эр -Ридядда ушул дүйшөмбүдө жасашты. Операциянын чыгымын Саудиянын ханзаадасы көтөрдү. Бул сиам эгиздердин бөлүү боюнча Сауд аравиясында жүргүзүлгөн тогузунчу операция болду.

Таңкы жаңылыктарды дардаган - Улан Эшматов, Прага