Иракта кечээ жалпы эсепте 21 адамдын өмүрү кыйылды

Хилла шаарында дүрмөттөлгөн машина жарылып, бери дегенде 13 киши опот кетти, Баакуба шаарында ушундай эле адисадан 6 полицмен жайран болду. Багдадда да бейжазык эки кишинин өмүрү кыйылды. Мосул шаарында мусулман-сүннүлөрдүн көрүнүктүү бир ишмерин тындым кылып кетишти.