Айылдык өкмөткө Абсамат Масалиевдин аты берилди

БИШКЕК. Баткен обласынын Кадамжай районунун Карадөбө айыл өкмөтүнө коомдук ишмер жана саясатчы, маркум Абсамат Масалиевдин ысымы ыйгарылды. Буга байланышкан токтомду 17-январда Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алды.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1995-жылдан берки депутаты, Кыргызстан коммунисттер партиясынын жол башчысы Абсамат Масалиев 2004-жылдын 31-июлунда дүйнөдөн кайткан. Абсамат Масалиев Кызылкыядагы тоо-кен техникумун, Москвадагы тоо-кен институтун, Алматыдагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. 1964-жылдан баштап советтик-партиялык кызматтарда эмгектенип, 1985-1991-жылдарда Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.