Өзбекстан: Өкүлдөр палатасын өкмөттүк партиялар ээледи

Өзбекстанда 26-декабрда болгон парламенттик шайлоонун биринчи айлампасында өкмөтчүл партиялар жеңди.
БШК бүгүн билдиргенге караганда, президентчил Либерал-демократтык партия Өкүлдөр жыйынындагы 120 орундун 41не, өкмөтчүл Элдик - демократтык партия 33 орунга ээ болгон.
Шайлоого президент Каримовдун саясатын жактаган беш партия гана катыштырылган.
Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочулары шайлоо демократиялык стандартка ылайык өтпөгөнүн билдирген.