Улуттар уюмунун баш катчысы Түштүк-Чыгыш Азияда болгон табыгый алааматан сабак алуу абзел деп билдирди

КОБИ /ЯПОНИЯ. Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Түштүк-Чыгыш Азияда болгон табыгый алааматан баарыбыз сабак алуубуз керек, деп билдирди. Аннандын айтымында, табыгый кырсыктын алдын алууга канчалык көп каражат жумшалса, ошончолук көп адамдын өмүрүн алып калуу мүмкүн болот, деп айтты.
Трагедиянын кесепеттерин жойуу менен эле чектелип калуу жетишсиз. Биз андан сабак алып, андай алааматты болтурбоо үчүн аракеттенүүбүз керек,- деди Аннан Улуттар уюмунун табыгый кырысктарды алдын алуу боюнча конференциясынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө. Беш күндүк конференция мындан тура 10 жыл илгери зилзаладан жабыркаган Коби шаарында өткөрүлүүдө. Анда 6 миң киши набыт болгон. Конференцияда Цунами сыяктуу алааматтарды алдын алуу системасын түзүү маселеси талкууланат.